Улак ойногон секелек кыз

Описание к видео Улак ойногон секелек кыз

ПОДРОБНО https://www.turmush.kg/news:459634

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Правда айылынын 15 жаштагы тургуну Диана Артыкбаеванын ат жалында жасаган аракеттери көпчүлүктүн кызыгуусун арттыра баштады. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.

Диана Артыкбаева Правда айылындагы №15 Жумалы атындагы орто мектепте 9-класста . Класс жетекчиси Жазгул Абдурашованын айтымында, Диана кыргыздын улуттук оюндары боюнча көп сурап калат.

«Диананын окууга жетишүүсу, катышуусу абдан жакшы. "Эжеке көк бөрү оюнуна кыздар деле катышса болобу?" деп сурап калчу. Көрсө бул кызыбыз ат оюндарына абдан кызыгат экен. Анысын жакында эле билдик. Узатылган суроосуна: "Келечекте көк бөрү оюну кыз-келиндер арасында деле өтүп калар" жооп берип калам. Бул кыздын көк бөрү оюнуна болгон кызыгуусу башкача.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке