КОНГО ГЕНОЦИДИ

Описание к видео КОНГО ГЕНОЦИДИ

Бир учурларда дүйнөдөгү өлкөлөр, аймагынын чоңдугу менен алдыңкы планга чыгышчу. Аймагы дагы да чоң болгон өлкөлөр дагы да күчтүү өлкө маанисине келет болчу анда. Бирок акыркы кылымдарда бул жагдай өзгөрүп, өлкөнүн күчү - ээлеген аймагынын аянтына карап эмес, тескерисинче экономикалык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөргө карап билине баштады.
Алсак, Конго Демократиялык Республикасы да болуп көрбөгөндөй чоң аймакты ээлейт. Ошону менен бирге калкынын саны боюнча да көпчүлүктү түзгөн жакыр бир өлкөлөрдүн катарында. Элестетиңиз 95 млндон ашуун эли бар жана 2345000 чарчы чакырымды түзгөн дөөдөй аянтка ээ. Африканын так ортосунда жайгашып, “Африканын жүрөгү” деп аталган өлкөлөрдөн бири. Ошол эле кезде күнүнө болгону бир доллардан да аз тапкан, эски доордогудай жашоо кечирген бир өлкө. Эмне үчүнмынчалык кедей? Себеби 1800 жылдан 1960 жылга чейин Бельгия жана Франция тарабынан кенедей каны сорулган, эксплуатацияланган!
1885-жылдан 1960-жылга чейин Бельгия Конго менен Руанда-Урунди өлкөлөрүн өз колониясында кармады. Бүгүн айтып бере турчу окуя болсо Конгодо болуп өтөт. А балким бул окуяны, Европанын колониялдык тарыхындагы катардагы заалым окуяларынан бири болгон десек да аша чаппайбыз. Себеби батыштын тарыхында мундай зулумдуктар оголе көп! Эсептеп бүтө албайсың. Азыркы күндө деле уланып жатат бул зулумдуктар. Бирок биздин ан сезимибизге Батыш зулумдугу катары Холокостту гана сиңиришкен. Холокост бул бир гана чети. Батыштын чыныгы заалымдыгы чаң баскан тарых барактарынын тээ тубүндө жашырылып жатат. Бир күнү бул барактар бүтүндөй ачылат иншаллах. Ошол барактардын бирөөсүн ачып берели анда.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке