"БАЛА" | Элмира Ажыканова | аудио китеп

Описание к видео "БАЛА" | Элмира Ажыканова | аудио китеп

Бала. Эки ааламды, эки бүлөнү бириктирген кичинекей адамча. Мындай окуялар эл ичинде көп. Аскарбек башка бирөөдөн уулу бар экенин тирүүсүндө аялы Бурмага айткандан жүрөкзаадаландыбы, же аны аядыбы, айтор, айта алган эмес. Бурмага ал бул жөнүндө кичине гана кагазга жазып, аны жаздыгынын астына бекиткен бойдон кете берген. Элмира Ажыканованын аңгемесинде алты жашар баланын образына жасалган кылдаттык байкалат, ошонусу менен жакты мага. Анан да Бурма менен Аскарбектин он беш жылдык турмушунун көрксүздүгү да аңгемеге реалдуу турмуштун көркүн кошкондой экен. «Ойлоп көрсө күйөөсү менен жай олтуруп сырдашпаптыр. Анын көңүл жайын бир сурап койбоптур. Айыл башчылык ишине деле кызыкчу эмес», - деп сүрөттөйт автор алардын турмушун. Дал ушул боексуз турмушка кичинекей Эрмек башкача көрк алып келет окшойт эми. Ошондой туюлду мага.

Автор: Элмира Ажыканова
Окуган: Төрөкул Дооров
Иллюстрация: Нина Горфер менен Сара Купер: Cooper & Gorfer / Shola and Islam in a Field of Newly Planted Trees, 2010

Комментарии

Информация по комментариям в разработке