Чет элдиктерге Ысык-Көлдө мүлк алууга уруксат берүү мыйзамы депутаттарды кайым айтыштырды

Описание к видео Чет элдиктерге Ысык-Көлдө мүлк алууга уруксат берүү мыйзамы депутаттарды кайым айтыштырды

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 27-майдагы жыйналышында “Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Документтин демилгечилеринин бири, депутат Балбак Түлөбаев чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын калган аймактарында мүлк алууга уруксат берилгенин маалымдап, “кандайдыр бир себептер менен Ысык-Көл облусунда гана мүлк алууга тыюу салынып калганын” айтты. Депутат сунушталып жаткан мыйзам долбоору аталган аймакта чет элдик жарандарга мүлк сатып алууга уруксат берүү максатын көздөй турганын белгилеп, "мында жер тилкеси эмес, анын үстүнө курулган мүлктү сатууга уруксат берилерин" кошумчалады.

Депутат Султанбай Айжигитов жаңы мыйзам долбоорунда рекреациялык объектилерди чет элдиктерге менчиктештирүү каралып жатканын сынга алып, алардын катарына эс алууга берилген жерлер кирерин белгиледи.

Баяндамачылар рекреациялык объектилердин катарына эс алуу зоналары, коттеждер, мейманкалар жана башка жайлар кирерин кабарлашты. Балбак Түлөбаев "жаңы мыйзам актысы менен жер сатууга уруксат берилбейт" деп кайталады.

Айжигитов "мунун баары жер-сууну сатуу максатын көздөй турганын" айтты, Түлөбаев "бул айыптоосу үчүн Айжигитовду сотко бере турганын" билдирди. Эки эл өкүлү 10-15 мүнөттөй кайым айтышты.

Мыйзам долбоору соңунда добушка коюлуп, экинчи окууда кабыл алынды. Документ 3-мартта парламентке киргизилип, 22-апрелде аталган комитеттин жыйынында биринчи окууда кабыл алынган.

“Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Балбак Түлөбаевден сырткары депутаттар Элмурза Сатыбалдиев менен Бакыт Сыдыков да авторлук кылат.

#депутаттар #мыйзам #ысыккөл #азаттык #жаңылыктар
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram -   / azattyk.kg  
  / azattykmedia  
Фейсбук -   / azattyk.org  
  / azattyk  
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Комментарии

Информация по комментариям в разработке