Көрсөк дагы көкүрөктөн үн катпай, көрмөксөнбүз чоңдор кайдан байыган? | Айт Айт Десе | Акын

Описание к видео Көрсөк дагы көкүрөктөн үн катпай, көрмөксөнбүз чоңдор кайдан байыган? | Айт Айт Десе | Акын

Чоңдор кайдан байыган?

Көөдөндөрдүн көрлүгүнүн айынан,
Көпчүлүк эл акыл-эстен тайыган.
Көрсөк дагы көкүрөктөн үн катпай,
Көрмөксөнбүз чоңдор кайдан байыган?

Караңгылык унуттуруп тарыхты,
Кайдыгерлик келечекти тарытты.
Каалагандай төргө өтүк илдирип,
Кайда бурдук бара жаткан багытты.

Кырка тоолор билип ыйык экенин,
Карыз эмне билбейт эле мекеним.
Кыйын Кыргыз акча үчүн эх аттиң,
Кытайлардын кармайт беле этегин?

Желкебизди жерге салбай талдайлык,
Жетет болду! Болду карыз албайлык.
Жол салам деп ошол алган акчага,
Жетим-Тоодон биз айрылып калбайлык.

Кыргыз үчүн тоолор, кендер чоң байлык,
Кыңырылып башты жерге салбайлык.
Шаар курам деп батып алып карызга,
Шар суубузду биз соолутуп албайлык.

Патреондо колдогонуңузга чоң ырахмат
  / ayt_ayt_dese  

#кыргызстан #цензура #садыржапаров #ташиев #бийлик #жогоркукенеш #болоттемиров #акылбекжапаров #коррупция #уланниязбеков #кланбакиевых #сөзэркиндигинекысым #жетим-тоо #минэнерго #таалайбекибраев

Биздин фейсбук: https://www.facebook.com/profile.php?...
Биздин Тик-Ток: https://www.tiktok.com/@aytaytdese11?...
Биздин Инстаграм: https://www.instagram.com/aytaytdese1...

Комментарии

Информация по комментариям в разработке