Ош облусунда селден улам 13 адам каза тапты

Описание к видео Ош облусунда селден улам 13 адам каза тапты

28-июнда катуу жааган жамгырдан улам Ош облусунун Ноокат районунда бир нече айылда сел жүрдү. Сел турак жайларды каптаган. ӨКМдин маалыматына ылайык, жаратылыш кырсыгында тогуз адам каза тапкан, алардын ичинен беши — 8ден 15 жашка чейин балдар.

Мындан сырткары 30-июнунда Кара-Кулжада сел Deo Matiz унаасын алып кеткен, ичинде бир үй-бүлөдөн турган беш киши болгон. Натыйжада үй-бүлөнүн кызы гана аман калып, куткаруучулар калган төртөөнүн сөөгүн табышкан.

Ноокат районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Жабыркаган райондордо селдин кесепетин жоюу боюнча иштер жүрүп жатат. Жалпысынан бул иштерге 600 адам жана ӨКМдин 19 атайын техникасы, ошондой эле бир тик учак тартылган.

UPD: ӨКМ Ноокат районунда жергиликтүү тургундар 1-июль күнү саат 15:50дө сел алып кетип каза тапкан баланын сөөгүн табышканын билдирди. Мекеме баланын тек жайы аныкталып атканын кошумчалады. Ушуну менен Ош облусунда каза тапкандардын саны 14 адамга жетти.

Каналга жазылуу:    / @kloop3223  
Биздин веб-сайт: http://ky.kloop.kg
Facebook: http://fb.com/kloopkyrgyz
Twitter:   / kloopkyrgyz  
Instagram:   / kloopkyrgyz  

Комментарии

Информация по комментариям в разработке