Кыргызстандыктар: Памир кыргыздары

Описание к видео Кыргызстандыктар: Памир кыргыздары

Афган кыргыздары аталган өлкөнүн түндүк аймактарын байырлашып, 1959-ж. эл каттоодо жалпы саны 25 миң деп эсептелген. Кыргыздар бул аймакта эзелтеден эле жашашып, салттуу көчмөн жана жарым көчмөн шартында байырлашкан. 19-к. орус-кытай (Цин), орус- англис келишимдеринин натыйжасында кыргыздар Ферганадан Памир тоолоруна, андан Чыгыш Түркстан тарапка көчүп жүрчү көп кылымдык салттуу жолунан, эң негизгиси - кеңири жайлоолорунан, өз ара катышуудан ажырап калышкан. 1895-ж. Памирди географиялык жактан чектеш мамлекеттер ортосунда бөлүштүрүүнүн натыйжасында обочолонуп калуу абалына дуушар болушкан. Афган кыргыздары Памирде жашашкан кыргыздардын Түркияга журт которуп кеткендерден калган бөлүгү. Кичи Памир жана Чоң Памир деп аталган аймактарда жашашат. Айрым тарыхый маалыматтарга караганда, кыргыздар Афганистандын түндүгүндөгү чыгыш өрөөндөрүндө, Хазре- ти-Имам-Сахибдин түштүк жактарында жана Кичи Памирдин Лян- гар, Бозай-Күмбөз, Жүз-Каз деген жерлерин байырлашат.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке