Жаңылыктар | 16.07.2024 | Орусияда мигранттарга жаңы чектөөлөр кирет, Ошто селдин себеби айтылды

Описание к видео Жаңылыктар | 16.07.2024 | Орусияда мигранттарга жаңы чектөөлөр кирет, Ошто селдин себеби айтылды

Оштун Кара-Суу районунда сел каптаган үйлөрдүн ээлери кырсыкка айыл жакасындагы канал тазаланбай калганы себеп болгонун айтып чыгышты. Жергиликтүү бийлик алдын алуу чаралары көрүлгөнүн билдирүүдө.

Орусияда борборазиялык мигранттардын жүрүм-туруму боюнча жаңы эрежелер иштелип чыкты. Анда өз тилинде шыбырашып сүйлөшүүгө, мал союуга тыюу салган бир катар чектөөлөр каралды.

Атайын прокуратура мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган Асел Ногойбаевага телефон аркылуу келип жаткан коркутууларды текшере баштады. Ага зомбулук көрсөткөн Азамат Эстебесовду сот жыл башында 20 жылга кескен эле.

0:00 Анонс
1:04 Оштун Кара-Суу районунда селден кийинки абал
6:25 Ооганстанда селден 40 киши мерт болду
7:42 Орусиянын Курск облусундагы заводдордун биринде дрон соккусунан кийин өрт тутанды
11:16 Орусияда борборазиялык мигранттардын жүрүм-туруму боюнча жаңы эрежелер
14:56 Асел Ногойбаевага телефон аркылуу келип жаткан коркутуулар текшерилүүдө.
16:30 Быйыл жылдын алгачкы алты айында Кыргызстанда 46 киши сууга чөгүп кетти
17:12 Кыргызстанда ушул аптадан тартып жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталды

#мигранттар #ош #сел #бүгүназаттыкта
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram -   / azattyk.kg  
  / azattykmedia  
Фейсбук -   / azattyk.org  
  / azattyk  
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Комментарии

Информация по комментариям в разработке