Германиядан МВА окуп барып Кыргызстанды өнүктүрөм деп ойлогом…

Описание к видео Германиядан МВА окуп барып Кыргызстанды өнүктүрөм деп ойлогом…

Элдияр Нышанов окуучу кезинде англисче китептерди окуп англисче үйрөнгөн. Мектепти жана жогорку окуу жайды артыкчылык менен бүтүрүп Германияга кеткен. Германияда бир маалда 4 жумушта иштеп, МВА (Мастер в Бизнес Менеджменте) окуп бүтүргөн. Германиядан алган билимин Кыргызстандын өнгүшүнө жумшайм деп мекенге кайткан. Кыргызстанда өнүккөн өлкөлөрдөн алынган билимдин кереги жок экенин түшүнүп кайра Германияга кайра кетүүгө аргасыз болгон. Бүгүнкү күндө сүйүктүү жубайы, бир уулу бир эрке кызы менен АКШда жашайт. Өзүн өзү жүктөп трак айдоочулук кылып келет.

Жигитке 70 өнөр аздык кылат дегендей көп кырдуу таланттуу биздин мекендешибиз Элдияр Нышанов мене маек. Элдияр кол күрөш боюнча АКШда чемпион, музыкалык аспаптарды ойноп, ырдайт. Ошондой эле инстаграмда блогерлик да кылат.

Биздин маекте өз жашоосундагы оош кыйыштарды, жетишкен ийгиликтерин айтып берди. Кызык маек болду деп ойлойм.

Видеону көрүп, жакындарыңар менен бөлүшүп, комментарий жазып коюңуздар. Канча көп киши көрсө ошончо көп видеолорду чыгарабыз.

Элдиярдын инстаграм баракчасы: @eddie_top_roll катталыңыздар

#германия #кыргызстан #АКШ #трак #акшдаИш #германиядажумуш #акшМененГерманиянынайырмасы #колкүрөш #армрестлингвсша #чемпионПоармрестлингу #окуунункүчү

Комментарии

Информация по комментариям в разработке