Бишкекте тилемчилик кылып жан баккан Бактыгүлдүн тагдыры

Описание к видео Бишкекте тилемчилик кылып жан баккан Бактыгүлдүн тагдыры

33 жаштагы Бактыгүл Жээнова Орусияда кулчулукка кабылганын айтып, Бишкекке келгенде милицияга кайрылган. Ал 2022-жылы жайында таанышынын сунушу менен Орусияга иштегени кетет. Ага айына 90 миң рубль айлык маяна төлөнөт деп убада беришет. Бирок бир жыл бою Бактыгүл бир тыйын дагы албаганын айтат.
Бактыгүл Орусиянын Тула облусунун Красная Дубровка айылында Жылдыз Кубанова жана Болот Абдыкалыковдун үй-бүлөсүндө кой кайтарып, сарай тазалап, үй жумуштарын кылып жүргөн. Ал алыста ур-токмокко жана зордуктоого кабылганын дагы айтты. Бактыгүлдүн сөзүнө караганда, аны Орусияга Кундуз Кубанова деген аял жөнөткөн.
Бактыгүл атын атаган адамдар менен байланышканыбызда алар Бактыгүлдү тааный турганын ырастап, бирок айыптоолорду четке какты.
Бактыгүл Жээнованын окуясы боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук милициясы “адам сатуу” фактысы боюнча кылмыш иши козгоп, иш тергелип жатканын билдирди.

Видеону “Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоору даярдады

Чет жердеги журтташтар! Эгер биз менен бөлүшө турган ийгилигиңиз же көйгөйүңүз болсо “Мигрант Медиа” долбоорунун +996 556 113 317 номерине WhatsApp/Telegram аркылуу жазыңыз. #MigrantMediaCentralAsia
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram -   / azattyk.kg  
  / azattykmedia  
Фейсбук -   / azattyk.org  
  / azattyk  
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Комментарии

Информация по комментариям в разработке