Бек Борбиев - Сеникиндей көздөр жок (ПРЕМЬЕРА!!!)

Описание к видео Бек Борбиев - Сеникиндей көздөр жок (ПРЕМЬЕРА!!!)

Бек Борбиев - Сеникиндей көздөр жок

Көп жылдыздан жаркырап
Күйгөн сенсиң бир гана
Сезилесиң дүйнөгө
Жаралгандай бир мага
Толкундаган сүйүүм бар
Кантип аны катайын
Бүгүн сага бул ырды
Ырдап берем атайын

Сеникиндей көздөр жок
Мени ширин караган
Сеникиндей сөздөр жок
Көңүл отун камаган
Сезимиңде гүлүң бар
Искеп жүрөк канаган
Сеникиндей сүйүү жок
Улам эңсеп, улам самаган
Улам эңсеп, улам самаган

Бүгүн барам дүйнөңө
Тосуп алар бекенсиң
Кадырымды куш кылып
Кошуп алаар бекенсиң
Чыйрыктырып күндөрдү
Күз жамгырын баштады
Өтсүн мейли жүз жылдар
Мен сүйө албайм башканы

Сеникиндей көздөр жок
Мени ширин караган
Сеникиндей сөздөр жок
Көңүл отун камаган
Сезимиңде гүлүң бар
Искеп жүрөк канаган
Сеникиндей сүйүү жок
Улам эңсеп, улам самаган
Улам эңсеп, улам самаган

Бул дүйнөдө адам жок
Мени сендей жакын санаган
Улам эңсеп, улам самаган

Сеникиндей көздөр жок
Мени ширин караган
Сеникиндей сөздөр жок
Көңүл отун камаган
Сезимиңде гүлүң бар
Искеп жүрөк канаган
Сеникиндей сүйүү жок
Улам эңсеп, улам самаган
Улам эңсеп, улам самаган

Бул дүйнөдө адам жок
Мени сендей жакын санаган
Мени сендей жакын санаган
Улам эңсеп, улам самаган

Комментарии

Информация по комментариям в разработке