ЮТУБДАН КАНТИП АКЧА ТАПСА БОЛОТ? 1-сабак

Описание к видео ЮТУБДАН КАНТИП АКЧА ТАПСА БОЛОТ? 1-сабак

ЮТУБДАН КАНТИП АКЧА ТАПСА БОЛОТ? 1-сабак
Ассаламу алайкум урматтуу достор. Бугун мен сиздерге ютуб аркылуу кантип акча тапса болот, ошол тууралуу айтып бермекчимин. Бул видеодо жалпы тушунуктор менен тааныштырмакчымын, ал эми кийинки видеолордо канал ачкандан баштап акча тапканга чейинки аралыкты корорсотуп берем. Ошондуктан баары тушунуктуу болуш учун, ар видеону ирээти менен корунуздор. Анда эмесе кеттик
Ютуб аркылуу акча табуунун сегиз жолу бар.
1) Монетизация
2) Супер чат
3) Спонсордук колдоо
4) Spreadshop кампаниясынын фирмалык товарын сатуу, булар ютуб озу толоп бере турган функциялар. Андан сырткары
5) туз реклама
6) Биржа сайттары
7) Оздук кызмат
8) Рефералдык ссылка. Бул торт кызмат аркылуу озунуздор, ютубдун кийлигишуусуз акча табасыз.
Эми ар бири тууралуу кыскача маалымат бере кетсем.
Монетизация. Бул ютубдун тузмо-туз беруучу акчасы. Б.а. ютуб сиздердин каналдагы видеого озунун рекламасын коет жана сиз ошол аркылуу акча табасыз. Мындай учурларга биз коп эле коруп учурайбыз, качан биз видеону коруп баштаганда, кээ бир учурларда бизге ар кандай рекламалар чыгат. Ошол учурда канал акча тапкан болот. Эгерде каналда реклама чыкпаган болсо, ал канал акча тапкан жок, жон гана просмотр алды деп тушунобуз. Сиздердин каналга ютую озунун рекламасын коюу учун, каналда жок дегенде 1000подписчик жана 4000саат просмотр болушу керек. Ошондо гана ютуб сиздердин каналга рекламасын коет. Бул жол менен кунуно 0,5доллардан – 25долларга чейин акча тапса болот. Андан сырткары 4000саат просмотрду коп адамдар 4000просмотр деп тушунуп алышат, бул андай эмес. Бул нерсени сиздер кандай деп тушуносуздор, оюнуздарды комментарийге калтырыныздар. Эгерде коп коруучулор бул нерсени тушунбогон болсо, анда бул тууралуу озунчо видео тартам, ошондуктан оюнуздарды созсуз калтырыныздар.
2-жол. Супер чат. Бул функция стрим б.а. туз эфир кылган учурда колдонулат. Сиз туз эфир кылып жаткан учурда, адамдардын туз эфирдеги комментарийлери коп болгондуктан, алардын баарына жетишип жооп беруу мумкун эмес. Ошол учурда кээ бир адамдар акылуу комментарий жазат, эгерде ага сиздин жооп ото маанилуу болсо. Акылуу комментарий башкаларга салыштырмалуу дароо алдыга чыгат жана ону тусу менен озгочолонуп турат. Ошондо туз эфирди алып барган адам, дароо ошол смсти байкайт да, ошонун суроосуна биринчиден болуп жооп берет. Ошентип туз эфир алып барган адам комментарийден акча табат. Бул жол менен бир кундо 150рублдан-50000рублга чейин акча тапса болот.
3-жол. Спопсордук колдоо. Бул жол менен акча табууда, спонсор адамдар болушу шарт. Алар сиздерге ай сайын ютуб аркылуу акча которот жана ал акчасына сиз ар кандай бонустарды сунуштайсыз. Мисалы: анын каналын же анын бизнесин ар бир видеодо реклама кылуу, комментарийине озгочо смайликтерди кошуп беруу, акча тологон адамдардын суроолоруна жараша озунчо видеоролик тартуу ж.б. Бул жол менен сиз айына 1000рублдан баштап 10000рублга чейин акча таба аласыз.
4-жол. Spreadshop кампаниясынын фирмалык товарын сатуу. Бул функция СНГ мамлекеттирнде жада калса Россияда жеткиликтуу эмес. Бирок башка Европа, Америка мамлекеттеринде бул функция ото жакшы иштейт. Бул функция аркылуу Spreadshop кампаниясынын товарларына озунуздун эмблеманызды кошуп, подписчиктериниге сатасыз. Эмблеманы кампания озу коюп берет, жана ар бир сатуудан сизге кандайдыр бир пайызын болуп берет. Бул жакта ото деле ар турдуу продуктулар жок. Болгону кружка, футболка ж.б майда чуйдо буюмдар бар.
5-жол. Туз реклама. Бул жол менен ютубдун эч кандай байланышы жок. Сиз ар кандай кампанияларды озунуздун видеонузда реклама кыласыз жана ошол учун сизге кампания акча толоп берет. Мындай камапанияларга курулуш кампаниялар, дары-дармек сатуучу камапаниялар, bookmaker 1xbet, билайн, мегаком о мобилдик операторлору кирет. Мындай рекламаларды алуу учун, каналда жок дегенде 100мин подписчик болуусу зарыл. Ошол учурда гана кампаниялар, сиздердин рекламаны сатып алышат. Бул жол менен 100доллардан баштап 500долларга чейин акча тапса болот.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке