Тагдырым берген купуя сыр | 4 - бөлүм | Мээримди Аскар алып кетти | Автор: Айгүл Шаршен/Аудио китеп

Описание к видео Тагдырым берген купуя сыр | 4 - бөлүм | Мээримди Аскар алып кетти | Автор: Айгүл Шаршен/Аудио китеп

Ошондон эки күндөн кийин Мээримди Аскар алып кетти, Зуура эжеси Батманы, Закирдинди кошуп, Мээримдин атасынын мындайыраак агасын аялы менен чакырып алды, алар сүйлөшүп отурганда эки киши ачуу басар алып келип калды. Аларды коноктоп, кийит кийгизип жөнөттү. Андан кийин төртөө-бешөө болуп кубалап барып келишти, Мээрим абдан толкунданып отурду, анткени Аскардын ата-энеси абдан жакшы турушчу, үйлөрү жаңы типте салынган.
Аскар дагы кубанычтуу, кээде Гүлшанды ойлонуп калат: “Мен Гүлшанды сүйгөн эмес экенмин, атамдардын айтканына көнүп эле ага азгырылып жүргөн окшойм, барбай койсом болмок экен, Алтынбек аны катуу сүйгөн тура, бекер эле аларга тоскоолдук кылган экенмин, тарткылык шорум бар экен да, Мээрим экөөбүздү тагдыр өзү жолуктурду”, - деп өзүнчө ыраазы болуп алат. Ал өз ордуна иштеп калган, бир жумадан соң Мээрим дагы өз жумушуна чыкмак, экөө ээн кала элек, күндө тууган-туушкандары келип келин көрүп үйдө бака-шака болуп бүгүн бир ээн боло калышты эле. Аскар келинчегин имере кучактап:
Мээрим, бактылуусуңбу жаным? - деди.
Ооба, абдан бактылуумун, бир гана өкүнүчүм бар.
Ал кандай өкүнүч? – Аскар Мээримди көздөрүнө тигиле суроолуу тиктеп калды.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке