Жардамга муктаж эне: "Күйөөм кемсинтип, чанып кеткен. Балдарым менен күркөдө жашайм"

Описание к видео Жардамга муктаж эне: "Күйөөм кемсинтип, чанып кеткен. Балдарым менен күркөдө жашайм"

34 жаштагы Жанаргүл Кийикбаева эки баласы менен кадимки соода кылууга арналган күркөнү үй кылып жашайт. Анын үйүнө суу, электр жарыгы барган эмес. Тилекке каршы, ал так сүйлөй албайт, угуусу начар. Ушундан улам аны жолдошу кемсинтип, чанып кеткенин айтат. SUPER TV турмуштун соккуларына туруштук берип келе жаткан келиндин тагдырын көрсөтөт.
Каарманыбызга жардам берүүнү каалагандар 0704 20 67 19 номери аркылуу байланышса болот.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке