Ноокаттын унаа токтотуучу жайдагы акчалар кайда кетет?

Описание к видео Ноокаттын унаа токтотуучу жайдагы акчалар кайда кетет?

Ноокат шаарында 15 миңден ашуун эл жашайт. Борбордук базар, соода түйүндөр, маданий очоктор жайгашкан шаар Ноокат районундагы 280 миң калкты тейлейт. Ноокат шаарынан Баткен-Ош-Кызыл-Кыя-Кадамжай жолдору өткөндүктөн унаа тыгындары жана жол боюна токтогон унаалар шаардын көйгөйүнө айланды.

Жол боюна токтотулган унаалардан жана Ош-Ноокат каттаган айдоочулардан ар бир жылганына 10-20 сомдон алынат. Алынган акчалар кимдин чөнтөгүнө түшүп жатканын билбейбиз. Дарыканага кирип 10 сомго даары алып чыксаң, унаанды токтотконуң үчүн 10 сом төлөп, алган даарың 20 сомго бааланып калат дейт унаа токтоткон тургундар.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке