Сыймык Бейшекеев - Жеңиш күтөт КЫРГЫЗДАР \ Жаңы клип 2024

Описание к видео Сыймык Бейшекеев - Жеңиш күтөт КЫРГЫЗДАР \ Жаңы клип 2024

#сыймыкбейшекеев #жаныыр2024 #жаныклип2024 #кыргызчаырлар #олимпиада2024 #2024 #акжолмахмудов #жоламан #айсулуутыныбекова #мээримжуманазарова #кыргызбалбандары #патриоткыргызстан #олимп2024 #кыргыз #сыймыкырлары #сыймык2024

“Жеңиш күтөт КЫРГЫЗДАР”

сөзү: Назима Алмазбекова & Сыймык Бейшекеев
обону: Сыймык Бейшекеев

Камынышып улуу жолго, алыска,
Кармаштардан алалы деп калыс баа.
Кызыл туусун бийик кармап баратат,
Кыргызыма жарайлы деп намыска.

Эрназар, Үзүр, Мунарбек,
Амантур, Акжол, Жоламан.
Жеңиштин туусу желбиреп,
Ар дайым бар бол, бол аман.

Ар бириңер бийик коюп баркыңды,
Атпай журтка тааныткыла калкыңды.
Бата тилеп, колдоп аткан кыргызга,
Белек кылып коло, күмүш, алтынды.

Айсулуу, Мээрим, Айпери,
Олимптен утуп кайт эми.
Элиза менен Денисти,
Элибиз мактап айт эми.

Спортчулар элибиздин эр жүрөк,
Силер менен сыймыктанып, эл сүрөп.
Кыз-уулдарың намыс үчүн турганда,
Кыргыз туусу турат дайым желбиреп.

Жеңишти айтсын жардана,
Кубаныч, Эрлан, Сардана.
Бекзат, Айаал чыкканда,
Бүт дүйнө турсун таңдана.

Жарыштарда бийиктерге жол болсун,
Жолборс сымал жулуп чыгып олжосун.
Журтубуздун чыгаан жигит-кыздары,
Жаратканым баарыңарды колдосун

Намыска туулган уул кыздар
Байракты түшүрбөс жылдыздар
Манастап ураан чакырып
Жеңишти күтөт КЫРГЫЗДАР!

Комментарии

Информация по комментариям в разработке