Топчугүл Шайдуллаева | “Өлүмтүк” | аудио китеп

Описание к видео Топчугүл Шайдуллаева | “Өлүмтүк” | аудио китеп

Жазуучу Топчугүл Шайдуллаева азыр кыргыз адабиятында кыска проза жанрында иштеген эң мыкты авторлордун бири. Эженин чыгармалары окурманды биринчи сабынан эле өз дүйнөсүнө арбап алат. Муну ушул каналымда чыккан анын көптөгөн аңгемелерине келген комментарийлерден билем.
Жазуучу - өз доорунун тарыхчысы, сүрөткери болушу лаазым, демек, анын тамырын жан дүйнөсү менен сезбеген жазуучу бул миссиясын аткара албайт. Топчугүл Шайдуллаева болсо ар бир чыгармасында элет турмушун таамай сүрөттөп, аны сөздүн көркөм куралдарын мыкты колдонуу менен бизге көрсөтүп келатат.
Бүгүн мен анын "Өлүмтүк" деген аңгемесин окудум. Боорукерлик менен ачкөздүк, урмат менен текеберлик, үмүт менен көңүл калуулук, жакшылык менен митаамдык, соопчулук менен күнөөкөрлүк... айтор, жашоонун өзүн, эриш-аркак жүргөн өмүр менен өлүмдүн баалуулугун көрдүм. Кантип ушундай терең философияны жети беттик текст менен жеткире алганына айран таң калып, суктанып олтурам. Сиз да окуңуз, угарманым.

Автор: Топчугүл Шайдуллаева
Окуган: Төрөкул Дооров
Музыка: Асылбек Насирдинов

Топчугүл Шайдуллаеванын башка чыгармаларын да угуңуз:
   • Келин таш | Топчугүл Шайдуллаева | аң...  
   • Топчугүл Шайдуллаева | Гилемчи | Аңге...  
   • Топчугүл Шайдуллаева | Эки эшиктүү үй...  
   • Топчугүл Шайдуллаева | Күтүү | аудио ...  
   • Топчугүл Шайдуллаева | Парыз | аңгеме...  
   • Топчугүл Шайдуллаева | Сынык | аудио ...  
   • Топчугүл Шайдуллаева | Айымкан | Ауди...  
   • Топчугүл Шайдуллаева | Намазшам гүл |...  
   • Топчугүл Шайдуллаева | Угузуу | аңгем...  

Комментарии

Информация по комментариям в разработке