"Манас" 2024 Самат Көчөрбаев Ат семирип ык болдуң

Описание к видео "Манас" 2024 Самат Көчөрбаев Ат семирип ык болдуң

Ат семирип ык болду,
Ааламды бузган көйкашка
Чогулушуп кырк болду.
Тонсуз келген чорого
Жакасы алтын, жеңи жез,
Кош бадана, торгой көз,
Тон кийгизди зор Манас.
Атсыз келген чорого
Кара байыр казанат,
Калбыр өпкө, жез канат.
Камыш кулак, сом туяк
Ат мингизди зор Манас.
Малсыз келген чорого
Адырда жылкы ала баш,
Аргымак, буудан аралаш
Ат мингизди зор Манас.
Бойдок келген чорого
Оймок ооз, бото көз,
Жазык маңдай, калем каш,
Кумурска бел, тасма бой,
Суксур моюн, кундуз чач,
Сулуулугун айтпай кой!
Кылтылдаган сулуудан,
Алып берди зор Манас.
Үйсүз келген чорого,
Кырмызы менен чырматкан,
Уук менен кереге
Он сегиз түрлүү сырдаткан,
Он эки канат ак сарай,
Салтанаты бир далай,
Ордо берди зор Манас!
Айкөл Манас барында
Оромпой салып, ордо атып,
Чатыраш ойноп, даң салып,
Көк сүлөөсүн бөрктөрүн
Ыргап жатып калышты,
Көңүлдөрү катуу өсүп,
Жыргап жатып калышты.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке