ПРОГРАММИСТ БОЛГУҢ КЕЛЕБИ? АНДА БУЛ ВИДЕО СЕН ҮЧҮН

Описание к видео ПРОГРАММИСТ БОЛГУҢ КЕЛЕБИ? АНДА БУЛ ВИДЕО СЕН ҮЧҮН

IT дүйнөсүндө чектөө жок. Кыргызстанда туруп эле өнүккөн өлкөлөрдө аралыктан иштесе болот.

Кыргызстанда, айылдагы окуучулар да дүйнө деңгээлиндеги программист болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин айткым келет. Балким азыр кээ бир багыттар өлкөбүзгө келе элек болушу мүмкүн.

Бирок IT тармагынын өнүгүшү менен алар пайда болушуна ишенем. Андыктан келечектин кесиптерине окуп, IT дүйнөсүндө революция жаратуу мүмкүнчүлүгү сиздин колуңузда.

Бир IT багыты боюнча эксперт болууга кеңеш берем. Өлкөбүздөгү өзүңөр көрүп-билип жүргөн көйгөйлөрдү IT технологиянын жардамы менен чечүүгө аракет кылгыла.

Балким сиз ойлоп тапкан тиркеме көптөгөн замандаштарыңыздын жашоолорун жакшы жакка өзгөртөт. Ошондо жөнөкөй программист эле болбостон, стартап баштап, компания негиздеп, CEO сыяктуу жогорку кызматтарга жете аласыз.

Instagram: https://www.instagram.com/kg_usa/?hl=en
Telegram: https://t.me/kyrgyzitwebinarbykg_usa
YouTube:    / kgusa  

#Программист
#ЖаңычаОйлон
#DigitalNomad

Комментарии

Информация по комментариям в разработке