ИИМ: Бишкекте ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн гарнизондук саптык кароосу өткөрүлдү

Описание к видео ИИМ: Бишкекте ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн гарнизондук саптык кароосу өткөрүлдү

2024-жылдын 18-май күнү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Азамат Токтоналиев гарнизондук саптык кароо- тескемеси коомдук тартипти сактоого жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө өткөрдү.

Ага Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев, ошондой эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басарлары, кызматтарынын жана бөлүмдөрүнүн башчылары, райондук башкармалыктардын жетекчилери, Бишкек гарнизонунун өздүк курамы жана тартылган күчтөрдөн 2 миң 700 кызматкер жана 1 миң элдик кошуундар катышты.

Гарнизондук саптык кароо Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын имаратынын маңдайында өттү. Ал комплекстүү профилактикалык иш-чараларды уюштуруу, ошондой эле коомдук тартипти жана шаардыктардын жана борбордун конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлдү.

Борбордук милициянын башчысы бир катар милдеттерди койду, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, укук бузуучуларды аныктоо жана коомдук тартипти туруксуздаштыруу аракеттерине катуу бөгөт коюу.

Көңүл буруңуз! ИИМ борбор калаанын тургундарын жана конокторун мыйзамдардын жана кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын кызматкерлерин талаптарын катуу сактоону өтүнөт. Бишкек шаарынын ички иштер органдары жана элдик кошуундар коомдук тартипти сактоо боюнча кызмат өтөшөт.

Борбордук милициянын күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсү өзгөчө буйрукка чейин узартылып, түнкү кызмат өтөөгө киргендерге нускама күн сайын саат 19.00 дө жүргүзүлөт.
Элдик кошуундардын катарында кызмат өтөөнү каалаган жарандарды Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

Укук бузууларга жана коомго жат жүрүм-турумга жол бербөө максатында Ички иштер органдары укукка каршы аракеттерге бөгөт коюуга багытталган бардык зарыл чараларды көрөт.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Комментарии

Информация по комментариям в разработке