Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы камакка алынды

Описание к видео Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы камакка алынды

Телеграм каналга катталууга чакырабыз https://t.me/ktrk_live
Жер тилкелерин мыйзамсыз каттоого жана бөлүп берүүгө тиешеси бар Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кармалды. Бул туурасында УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 13-декабрында Кылмыш-жаза кодексинин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана документтердин жасалмасын жасоо беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, жер тилкелерин жана ишеним каттарды берүү боюнча жасалма чечимдерди кабыл алуу каналына бөгөт коюу фактысы боюнча Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жашаган жеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында жазуучу машина, жазуучу машинага керектүү эски түсү жок бир рулон кагаз, жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча даяр чечимдер, эски үлгүдөгү Орок айыл өкмөтүнүн жана Сокулук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын мөөрү басылган А-4 үлгүсүндөгү кагаз жана башка буюмдар табылып алынган.

Учурда расмий документтерди мыйзамсыз даярдаган каналдын башка катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке