Дуэт Таазим - Сырыңды айтчы / ЖАНЫ КЛИП / 2019 / Duet Taazim - Syryndy aitchy

Описание к видео Дуэт Таазим - Сырыңды айтчы / ЖАНЫ КЛИП / 2019 / Duet Taazim - Syryndy aitchy

Режиссер: Аязбала
Музыка: Эльзат Тюлегенова
Слова: Эльзат Тюлегенова
Аранжировка: Рамис Алиев

Сырыңды айтчы

Сырың барбы мага айтаар
Жан дүйнөмдү эргитип
Сүйүүң барбы мага арнаар
Жүрөгүмдү жибитип

Колумду сунам, кыялга батам
Бир сенин көздөрүң мага бакыт тартуулайт

Кайырма:
Жалгызым болдуң, жыргалга толду жүрөгүм
Күлмүңдөп карайт бакытка толгон көздөрүң
Сездиңби сен да сезимдеримдин
Жалындап күйгөнүн
Сырыңды айтчы сүйгөнүм

Асмандагы жылдыздарды сага гана арнадым
Бүт ааламдан издесем да жаным
Жалгыз сендей таппадым

Колумду сунам, кыялга батам
Бир сенин көздөрүң мага бакыт тартуулайт

Кайырма:

Сүйкүмдүү сенин элесиң эсимден кетпеди
Жабыркаган жүрөгүм жалгыз сени эңседи
Жашоодо эгер чындап болсо махабат
Анда бул ыргактар бир жалгыз сага арналат
Жок дебе антип менин көңүлүмдү калтырба
Жаралган жүрөктөгү сезимдерди жашырба
Өмүрлөш болсок, бакытка толсок
Жашоодо калбайт элек биз арманда

#кыргызырлары #viral #viralvideo

Комментарии

Информация по комментариям в разработке