Досума
С. О. Сыймык Бейшекеевдики
Бул ыр, бул дүйнөдөн көзү ачык кеткен, маркум биздин досубуз Таалай Бектургановдун жаркын элесине багышталмакчы...
Көөдөнүмдөн муң арылбай жатты,
Көкүрөк дарты жарылбай жатты.
Убакыт учат зымырык куштай,
Уйкусуз далай таңдар да атты.
Колдон бир келбес иш экен аттиң,
Козголбос жайга сен эми кеттиң.
Чымындай жаның чыркырап кетти,
Чын кеткениңди мен бүгүн сездим.
Эмне мынча сен эртелеп кеттиң,
Элиңдин бүтүн жүрөгүн эздиң.
Укканда сени ишене албай,
Ушак бул жалган бир кептир дедим.
Арман күн андай болбоду досум,
Ыр бутагына конбодуң досум.
Аталап ыйлаар туяк калтырып,
Анан кийин не соолбодуң досум.
Арбыбай сенин кадамың досум,
Арылбай жакшы арааның досум.
Сыздатып коюп сен учуп кеттиң,
Сагындык сенин карааның досум.
Артыңдан калган досторуң досум,
Армандуу коштойт үнүңдү досум.
Черткенде черди таркатчуң аттиң,
Гитардын кылы үзүлдү досум.
Арман ыр жүрөк толгойт го досум,
Өзүңдөй эми болбойт го досум.
Эрте алып кеткен арадан бөлүп,
Боору таш ажал тойбойт го досум.
Булактын көзү соолдубу досум,
Буурчак жаш көзгө толдубу досум.
Береним бизден бөлүнүп учтуң,
Бейишке жаның кондубу досум.
Узатып бирге өзүңдү жоктоп,
Табигат кошо ыйлады досум.
Таарыныч айтып тагдырга наалат,
Канча жаш жүрөк сыздады досум.
Тууганың менен досторуң досум,
Жүргөнбүз сени жан тутуп досум.
Келдиң да кайра шашылыш кеттиң,
Ата-энең калды кан жутуп досум.
Сүйгөнүң калды артыңдан жоктоп,
Сүйлөбөй сенин жүрөгүң токтоп.
Кантели тагдыр ушу экен арман,
Аркаңда калдык буркурап-боздоп.
Күлгөнүң күнгө тең эле Таалай,
Күйүткө салдың эң эле Таалай.
Таалайы тайкы адамдай болуп,
Тагдырың неден кем эле Таалай.
Кызарып күнүң баттыбы досум,
Күкүктөй үнүң каттыбы досум.
Жалынсак дагы келбейсиң кайра,
Жаннатка жаның жаттыбы досум.
Булутка күнүң баттыбы досум,
Булбулдай тилиң каттыбы досум.
Ыйласак укпай сен кетип калдың,
А дүйнө эмне жактыбы досум?
Туулган жериң Чаткалың досум,
Турпагын жаздап сен жатканың досум.
Адамдын баарын өзүндөй көрбөй,
Жүрсөң бир болмок сактанып досум.
Эзилип жүрөк зырп этти досум,
Ээ кылбай ажал шыр кетти досум.
Буркурап, боздоп биз калып калдык,
Ырдалбай канча ыр кетти досум.
Энеңе кыйын иш болду досум,
Кандай бир күнгө туш болдуң досум.
Бектурган уулу Таалайбек өзүң,
Элиңен кеткен бир куш болдуң досум.
Ырларың калды аманат досум,
Унутулбай ырың ырдалат досум.
Таалайбек деген атың жүрөктө,
Түк өчпөс болуп сакталат досум.
Унутулбай ырың ырдалат досум,
Кош, эми Таалай, тынч укта досум...
1995-жыл, декабрь айы
Информация по комментариям в разработке