Жаңылыктар | 4.11.2024 | Орусия Украинаны "Искандер" менен аткылады

Описание к видео Жаңылыктар | 4.11.2024 | Орусия Украинаны "Искандер" менен аткылады

Орусия Украинанын тогуз облусуна дрон жана ракета менен чабуул койду. Фронтто орус аскерлери Курахово багытында алдыга жылганы маалымдалды.

Молдовада президенттик шайлоонун экинчи айлампасында азыркы мамлекет башчы Майя Санду жеңишке жетти. Бул шайлоо президенттик жарышка жана Молдованын Европага интеграция болуу маселеси добушка коюлган референдумга Орусия кийлигишти деген айыптоолордун фонунда өттү.

Токтогул шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан Болот Дүйшөналиев "массалык баш аламандыкка чакырык жасоого" шектелип, камакка алынды. Башка бир активист Айтилек Орозбеков соцтармактагы видеосу үчүн ушундай эле берене менен кармалды.

0:00 Анонс
1:08 Орусия Украинага кайрадан дрон жана ракета менен чабуул койду
2:57 Молдовада президенттик шайлоодо Майя Санду жеңишке жетти
6:46 Кыргызстанда эки активист кармалды
12:39 “ПолитКлиника” белгисиз адамдар кызматкерлеринин маалыматын чогултуп жатканын билдирди
13:59 Сот Азимбек Бекназаровдун бөгөт чарасын өзгөртүп, эркиндикке чыгарды
15:26 Баткендин Кара-Бак айылындагы баатыр энелер

#бүгүназаттыкта #украина #жанылыктар #азаттык
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram -   / azattyk.kg  
  / azattykmedia  
Фейсбук -   / azattyk.org  
  / azattyk  
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Комментарии

Информация по комментариям в разработке