Жаңылыктар | 7.11.2024 | Курск: украиндер түндүк кореялык аскерлер менен кагылышты

Описание к видео Жаңылыктар | 7.11.2024 | Курск: украиндер түндүк кореялык аскерлер менен кагылышты

Орусиянын Курск аймагында украин аскерлери алгачкы жолу түндүк кореялыктар менен кагылышты. Пхеньян Орусияга жайгаштырган 12 миңдей аскердин көбү Курск облусуна жеткирилгени буга чейин кабарланган.

Кыргызстанда 7-ноябрь - басма сөз күнү белгиленүүдө. Бул майрам быйыл өлкөдө журналисттер жапырт кармалып, соттолуп, басылмалар бөгөттөлгөн учурга туш келди.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу ноябрдын аягында башталары маалымдалды. Министрлер кабинетинин төрагасы долбоор боюнча тиешелүү документтер парламентке жөнөтүлөрүн билдирди.
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram -   / azattyk.kg  
  / azattykmedia  
Фейсбук -   / azattyk.org  
  / azattyk  
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Комментарии

Информация по комментариям в разработке