Жаңы Ак үйдө иштеп маянабызды ала албай жатабыз/ Субподрядчы эмне дейт?

Описание к видео Жаңы Ак үйдө иштеп маянабызды ала албай жатабыз/ Субподрядчы эмне дейт?

Жаңы Ак үйдүн курулушунда иштеген айрым жумушчулар маянабызды ала албай жатабыз деп кайрылышты. Аларды субподрядчы "Делюкс групп" компаниясы жумушка алган. Бүгүн 30дай жумушчу кайрылуу жасады, жалпы 150 адамдын июлдан берки маянасы кармалып жатыптыр.
Ал эми фирманын бригадири 10-сентябрга чейин толук төлөп берерин айтууда. Көпчүлүгү аванс сурап, жарым-жартылай акысын алганын кошумчалады.

Жумушчулар мурунку айда да кечигүү менен алышканын, эми мында балдарын 1-сентябрга даярдай албай кыйналып жатышканын белгилешти.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке