Хиджаб кишен эмес калкан!

Описание к видео Хиджаб кишен эмес калкан!

“Эй, Пайгамбар! Зайыбдарыңа, кыздарыңа жана момундардын аялдарына айткын “Үстүлөрүнө сырткы (кенен) кийимдерин жамынышсын” (Ахзаб 33:59)
Жогорудагы аят менен Куран аялдарга ороонууну буйруп, жамынууларын парз кылууда. А бирок бүгүнкү маданият оронууну “эскичилик”, “арапташуу” деп баалап Жаратуучунун бул буйругун четке кагышууда. Анда эмне, Куран өкүмдөрү конституциянын өкүмдөрүндөй болуп эскирип, жаңыланууга муктаждык көрүп турабы? Бул чын эле арапташуубу? Андай болсо хиджаб кыргыз аялдарынын табиятына туура келбейби? Эмнегеби? Анда жооп беребиз!
Акылмандуу Курандын бул өкүмү аялдардын табиятына толугу менен туура келээрин жана ороонбой жүрүү аялдардын жаратылышына карама каршы келээрин далилдеген Рисале-и Нур жыйнагы төмөнкүчө баяндайт.
“Жамынууну аялдардын табияты талап кылат. Анткени аялдар жаратылышынан алсыз жана назик болушкандыктан өздөрүн жана жанындан да артык көргөн балдарын коргой турган бир эркектин коргоосуна жана жардамына муктаж. Мындан улам өзүн сүйдүрүүгө, жек көрүнбөөгө, жийиркенүүгө дуушар болбого табиятынан муктаждыгы бар. Себеби аялдардын ондон алтысы, же каарыган, же өзгөчө абалда болгондуктан, өзүнүн бул абалын ар кимге көрсөтүүнү каалабайт. Же болбосо кызганчаак келишет. Өзүнөн да өткөн сулууларга салыштырмалуу сулуу көрүнбөй калуудан, “анча эле сулуу эмес” деген сыяктуу айыптоолордон чочулашат. Анан да кол салууга учурабоолору үчүн, күйөөсүнүн назарында “кыянатчылык” менен күнөөлөнбөөлөрү үчүн жаратылышынан жамынууну талап кылат”.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке