Аваз Акимов & Айдана Дека - "Барам сага" тексти менен

Описание к видео Аваз Акимов & Айдана Дека - "Барам сага" тексти менен

Барам Сага ыры Айдана Дека жана Аваз Акимовдун аткаруусунда.
Каналга катталыныз комментарий калтырып лайк басыныз.

"Барам Сага"

Сөзү: Э.Ибраевдики
Обону: А.Бедияровдуку

Таң шооласы нур чачканда,
Тал-теректер бүр ачканда.
Кыр-кырлардан кол булгалап,
Кызгалдактар гүл ачканда.

Кайырма:
Алга сүрөп үмүт менен,
Алоолонуп күйүп-жана.
Бар-жогуна кайыл болуп,
Барам сага, барам сага.

Жылдыз көктө тагылганда,
Жылгадан суу агылганда.
Алтын сөйкө сыяктанып,
Ай кайрадан жаңырганда.

Кайырма:
Алга сүрөп үмүт менен,
Алоолонуп күйүп-жана.
Бар-жогуна кайыл болуп,
Барам сага, барам сага.

Дайра толкуп агылганда,
Дарак жоолук салынганда.
Санаам сары саман болуп,
Сага карай агылганда.

Кайырма:
Алга сүрөп үмүт менен,
Алоолонуп күйүп-жана.
Бар-жогуна кайыл болуп,
Барам сага, барам сага.

#авазакимов #АйданаДека #барамсага #кыргызстан #бишкек #кыргыз #той #бататой #айдана #кыргызчакараоке #текстимененырлар #kyrgyzstan #kazakhstan

Комментарии

Информация по комментариям в разработке