Тоолуу Дагестан. Маданият жана үрп-адаттар

Описание к видео Тоолуу Дагестан. Маданият жана үрп-адаттар

Тоолуу Дагестан акыркы жылдары Орусиянын эң популярдуу туристтик багыттарынын бири. Анткени Кавказ чокуларына жетүү оңой жана ал жактагы көрүнүштөр укмуштуудай керемет.

Дагестан Орусиянын эң ири 50 аймагына да кирбейт, бирок ал көп улуттуу аймактардын бири болуп саналат. Республикада 130дан ашык ар түрдүү эл жана улуттар жашайт. Өзүнүн тили, маданияты жана каада-салты менен XXI кылымда да алардын көбү ата-бабаларынын мыйзамдары жана үрп-адаттары менен жашоосун улантышууда.

Бул чыгарылышта Дагестандын үч тоолуу айылы тууралуу айтып берүүнү чечтик. Алардын бири туристтик меккеге, экинчиси ачык асман алдындагы музейге, үчүнчүсү ээн калган жерге айланган.

Бул даректүү тасманы OstWest телеканалы тарткан. Автордун пикири “Азаттыктын” пикирин чагылдырбайт.
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram -   / azattyk.kg  
  / azattykmedia  
Фейсбук -   / azattyk.org  
  / azattyk  
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Комментарии

Информация по комментариям в разработке