ЖККУ: КАЙРАДАН АСКЕРИЙ КОЛОНИАЛИЗМ

Описание к видео ЖККУ: КАЙРАДАН АСКЕРИЙ КОЛОНИАЛИЗМ

ЖККУ: КАЙРАДАН АСКЕРИЙ КОЛОНИАЛИЗМ

Орусия Федерациялык Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко «Россия 1» каналына интервью берип, ЖККУга мүчө мамлекеттердин биринде түстүү революция уюштуруу аракети жүз берсе, ЖККУ ал мамлекетти коргоого аларын билдирди. «Бул (ЖККУ) олуттуу уюм экенин көрсөтө алдык, жана алар муну менен эсептешүүсү керек – (ЖККУга мүчө) кандайдыр бир мамлекетте түстүү революция жасоо аракети болсо, ЖККУ ар дайым коргоого алат», - деди Матвиенко.
Азырга чейин аскерий машыгууларды эсепке албаганда, ЖККУнун реалдуу иш-аракеттерин көрө элек болчубуз. Жаңы жылдын алгачкы эле күндөрүндө Казакстанда козголоң башталды. Эл толкуп, адамдар алгач газдын баасын түшүрүүнү талап кылышса, кийинчерек бийликтин кетишин талап кылышты. Бул учурга келип ЖККУнун иш жүзүндөгү аралашуусуна күбө болдук. Президент Токаев «тыштан кирген террористтерден» коргоо үчүн ЖККУнун күчтөрүн өлкөгө алып кирүүнү сурады. Көп өтпөй ЖККУнун аскерлери Казакстанга киргизилди. Дээрлик бир аптага созулган баш аламандык токтогон соң, ЖККУ күчтөрү өлкөдөн чыгарылды. Бул козголоң учурунда жана козголоңдон кийин Казакстан бийлигиндеги Назарбаевге жакын адамдар кызматтарынан алынды (бул жараян дагы эле жүрүп жатат). Башкача айтканда, Казакстандагы козголоң бийлик алмашуу менен жыйынтыкталды.
Бул окуяларда ЖККУ Россия режиминин куралы экендиги даана байкалып калды. Жада калса, бул чындыкты жаш-кары, баары баамдап турат. Орус бийлиги аймактагы таасирин сактап калуу үчүн ЖККУну түзгөн. Уюмдун түпкү максатына жетүүдөгү иш жүзүндөгү аракети алгачкы ирет Казакстанда сыноодон өттү. Эми бул технология ЖККУга мүчө башка мамлекеттерде да колдонулушу мүмкүн. ЖККУга мүчө мамлекеттердин биринде козголоңдор жүз берсе, же саясий кризис жаралса, же болбосо жөн гана орус режимине жакпай калган бийликти кулатып, ордуна орусчул бийликти алып келүү зарыл болуп калса, орус режими ЖККУ күчтөрүнөн пайдаланып өз таасирин, ага малай режимди бийликке алып келет же сактап калат. Сөздөрүбүздү жогоруда айтылгандай, Матвиенконун интервьюсу тастыктоодо. Ошондой эле, 10-январда өткөн ЖККУ саммитинде Путин Казакстандагы бул окуялар – тыштан кийлигишүү аракеттери – биринчиси эмес, жана акыркысы да эмес деп баса белгиледи. Андыктан, келечекте олуттуу демонстрациялар ким тарабынан же кантип жаралышына карабастан, орус режими ага жан тарткан бийликти сактап калуу үчүн ЖККУну ишке салары ачыкталууда. Анда да – Казакстанда болгондой – ЖККУнун аралашуусуна «сакалчандар», «террористтер», «динчилдер» шылтоо болуп бериши турган кеп.
Андыктан, биз, мусулмандар, бул сыяктуу аскерий эле эмес, а түгүл, экономикалык, саясий жана башка уюмдар да биздин кызыкчылыгыбызга каршы иштерин аңдап жетүүбүз зарыл. Алар Американын таасири астындагы Дүйнөлүк соода уюму, же Россиянын ЖККУсу, же Кытайдын ШКУсу сыяктуу болобу, айырмасыз, алардын баары колонизаторлуктун өмүрүн узартып, колонизаторлордун таасирин бекемдейт. Ошондой эле, «терроризм» акыйкатын түшүнүүбүз керек. Бүгүн колонизаторлор өз каршылаштарын жок кылууда «терроризмден» пайдаланышууда. Колонизаторлор капитализмге каршы чыккандарды дал ушул «терроризмди» шылтоолоп куугунтуктап жатышат.

Youtube kanal
Azat kanal https://bit.ly/3mF7Yy1
Turkiston kanal https://bit.ly/3cipbbW
Turkiston biz https://bit.ly/35V011S
AzatKG https://bit.ly/33X0pLK

Интернет сайт: http://turkiston.biz/

Биздин телеграм каналабыз https://t.me/turkistonnet

Биздин кыргыз тилиндеги Фейсбук каналабыз   / www.turkiston.kg  
Бизнинг Фэйсбук ўзбек тилида каналимиз   / turkistonuznet  
Наш Фэйсбук канал на русском языке   / hizbturkistonruss  

Комментарии

Информация по комментариям в разработке