Дубайдагы алгачкы күндөр жана мага болгон тоскоолдуктар-Билим Майнаев

Описание к видео Дубайдагы алгачкы күндөр жана мага болгон тоскоолдуктар-Билим Майнаев

Бизнесте көрө албастык өзгөчө болот, бирок аны жеңсе да болот. Инсан болгондон кийин каныбызда бар канагат кылбайбыз. Бизнесте сенин жүрөгүңдүн тынчын алган бул сенин атаандашың. Атаандаштын алардын ийгиликтери сени кыйнат, бул адам табиятында бар нерсе. Андай кезде эмне кылыш керек? Эң жакшысы жазылган-берилген нерсеге шүгүр кылыш керек, себеби сага деп жазылган башкага кетип калбайт, башканыкы сага келип калбайт. Бул эрежеге 100% кепилдик берем.

Канчалык канкуренттин жолун тоссоң да, сага жазылганы гана болот. Ач көздүк кылып конкуренттин жолун тосуп тартып алгандарды да көрдүк, бирок алар көпкө узабайт. Көзүнөн эмес, көчүнөн тартып алган нерсеси эки эсе чыгып кетет. Ошондуктан ар убак өзүңдүн бизнесиңди өнүктүрүү менен алек бол, ошондо гана башкаларга көрө албастык кылганга убакың болбой калат. Аларды кантип жок кылам деп ойлонуп, күч- энергияңды кетиргендин ордуна энергияңды кантип компанияны өстүрөм дегенге жумша.

Сени да көрө албастар бут тосуп, максатыңа бара жатканда үмүтүңдүң шамын өчүргөнгө аракет кылышат. Сен коркпой Аллага таянып, амалыңды кыла бер. Бизнесте ийгиликке жетишиң үчүн кээде корккон нерселериң менен бетме-бет чыгышка туура келет.

Каналга катталып видеону жакындарыңыз менен бөлүшүп коюңуздар жана лайк басып, комментарий калтырыңыздар!

instagram: https://www.instagram.com/bilim.maina...
tik-tok: https://www.tiktok.com/@bilim.mainaev...

Комментарии

Информация по комментариям в разработке