Ооганстанда ара жолдо калган кыргыздар

Описание к видео Ооганстанда ара жолдо калган кыргыздар

Ооганстандын Тажикстан менен чектеш Бадахшан облусундагы Ишкашим районунда Кыргызстанга кетүүнү көздөгөн токсондой памирлик кыргыз паспорт ала албай, суукта арасат абалда турат. Кышкы аяз ооган элин, анын ичинде 2 миңге чукул кыргыз байырлаган Памир өрөөнүн бейпайга салып, ондогон адам өмүрү кыйылды. Талибдер бийликке келгени гуманитардык кризиске баткан өлкөдө тамак-аш тартыш, жарык, жылуулук, жумуш жок.

Памирлик кыргыздар кандай жардамга муктаж? Кыргыз бийлиги алардын түйшүгүн кантип жеңилдете алат? Ооган элинин азыркы абалын жеңилдетүү үчун эл аралык аралык коомчулук кандай колдоо көрсөтүүсү керек?"Биз жана дүйнө" программасында Ооганстандагы Памир өрөөнүн байырлаган кыргыздардын жашоо турмушун, кыйынчылыктарын, Ооганстандагы гуманитардык кризистин кесепеттерин талдадык.

0:00 Башталышы
1:31 Ооганстандын Бадахшан облусунда 90дой кыргыз паспорт ала албай убара
6:55 Ишкашим: батирдин акчасын төлөй албай, балдары ооруп жаткан кыргыздар
9:35 Ооганстандагы этникалык кыргыздарга эмне себептен паспорт берилбей жатат?
11:53 Чоң Улуу Памирдеги мал-мүлкүн сатып келгендер эмнеге Памирге кайткысы келбей жатат?
20:18 Ишкашимде кыйналып жаткан этникалык кыргыздардын маселеси парламентте көтөрүлдү
27:08 Ооганстанда быйылкы кышкы аяз элди кыйнап, суукта ондогон киши көз жумду
30:39 “Талибан” кыймылына эл аралык коомчулуктан кандай колдоо болуш керек?
_________________________________________
"Азаттыктын" тиркемесин көчүрүп алыңыз.
Шилтемеси:
IOS https://apps.apple.com/us/app/id15214...
Android https://play.google.com/store/apps/de...
Биздин сайт - https://www.azattyk.org/​
Instagram -   / ​  
  / ​  
Фейсбук -   / azattyk.org​  
  / azattyk​  
Ютуб -    / @azattykradiosu  
Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu​
https://t.me/azattykrus

Комментарии

Информация по комментариям в разработке