Фатихтерди тарбиялаган- Нуреддин Зенги

Описание к видео Фатихтерди тарбиялаган- Нуреддин Зенги

12-кылымдын орто ченинде Рим папасы: Ислам ааламынын руханий күчүн жоюп, крестүүлөр жоортулун болуп көрбөгөндөй ийгиликке жеткизүү үчүн шайтандын түшүнө да кирбеген бир план түздү. Кызыл тилдүүлүк жөндөмүнө ээ болгон папа; Пайгамбарыбыз савдын сөөгүн казып алып, Римге алып келүү үчүн жыйырма кишини милдеттендирди. Ар бирине бейиштен хан сарайларды убадалады.
Бул кишилер эки топко ажырап, Мадинага жайгашышты. Алардын жарымы жер астынан туннель казуу ишин мойнуна алса, жарымы аларды коргогон тыңчылык милдетти менен ишке киришкен эле. Пайгамбарыбыз савдын кабырына карап туннель казуу ишин үч жыл бою эч кимге сездирбестен жүргүзүштү. Казуу иштери аяктаганы калганда Аллах Элчиси Нуреддин Зенгинин түшүнө кирип “Эй Нуреддин булар менин кабырымды казып, сөөгүмдү каапырстанга алып кеткени жатышат. Куткар мени!” деп айтат да жанагы ууруларды көрсөтөт.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке