Биздин өзөн / KANYKEI / Каныкей / Жаны Клип / УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯ / Биздин озон

Описание к видео Биздин өзөн / KANYKEI / Каныкей / Жаны Клип / УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯ / Биздин озон

УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯНЫН,
КАРАМОЛДО ОРОЗОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК АКАДЕМИЯЛЫК ЭЛ АСПАПТАР ОРКЕСТРИ.

"Биздин өзөн"
Аткарган: Каныкей.
Сөзү, Обону - Орунбасар Кызалаков .
Оркестр үчүн иштеп чыккан: КРнын Эмгек сиңирген артисти Асылбек Насирдинтегин.

Ырдые Текстти:
Түн кирип биздин өзөнгө
Ышкырып жылкы айдасын
Түндүктөн түшүп ай нуру сага
Бүгүн сага

Жолоочу болдум жолуңдан
Жеңеке куйчу кымыздан
Жигиттер жүрөт сайраңдап бүгүн
Эй көк бөрү улак тартышып

Ала-тоо кыргыз жергесиң
Аргымак мени алып уч эй
Каркыраң учар бийиктең
Узатар мени кары жаш

Таңдагы жылдыз нурун чачат
Ала тоом эй түндөгү сырлар менде калат
Биздин өзөн таңкы жылдыз нурун чачат
Айдын нуру бизди узатар
Эй жаштык жаштык
Мага кел деди элем шыбырап
Эй жаштык жаштык

Түгөйүң келер түнүндө
Жылкысын таштап белеске
Түбөлүк болуп түгөйүң сенин
Түндүктөгү жылдыздар

Ала-тоо кыргыз жергесиң
Аргымак мени алып уч
Каркыраң учар бийиктең
Узатар мени кары жаш

Таңдагы жылдыз нурун чачат
Ала тоом эй түндөгү сырлар менде калат
Биздин өзөн таңкы жылдыз нурун чачат
Айдын нуру бизди узатар
Эй жаштык жаштык
Мага кел деди элем шыбырап
Эй жаштык жаштык

#кыргызстан #кыргызчаырлар #музыка #филармония #ырлар #жаныырлар #жаныклип #оркестр #каныкей #комуз

Комментарии

Информация по комментариям в разработке