Балаң менен ишиң жок болсо, анын да сени менен иши жок болот| Нуржигит Кадырбеков| Алдей

Описание к видео Балаң менен ишиң жок болсо, анын да сени менен иши жок болот| Нуржигит Кадырбеков| Алдей

Салам, достор! Бүгүнкү программаны энелер, өзгөчө аталар өткөрбөй көрүшү керек. Анткени 2024-жылды ар бир үй-бүлө үчүн абдан маанилүү болгон тема менен баштоону чечтик - балдарга тарбия берүүдө атанын ролу.

Эмне үчүн бул тема маанилүү? Коомдо көбүнчө балдарды тарбиялоо эненин жоопкерчилиги катары каралат, бирок атанын ролу да баа жеткис экенин унутпайлы. Ал эми бүгүн бизде конокто коомдук ишмер, акын жана жазуучу Нуржигит Кадырбеков болмокчу. Бул чыгарылыш ар бир ата-энеге мындан да мыкты болууга жардам берип, эне тилибизди өнүктүрүүгө, ага болгон сүйүүнү арттырууга өбөлгө түзөт деп ишенебиз.
_________
✳️Үй-бүлөдө кандай салттарды киргизип, балдарды туура тарбиялоо боюнча кеңештерди "Энелер мектеби" уникалдуу мектебинин түптөөчүсү Гапыр Мадаминов менен болгон маектен уксаңыз болот:
   • Агай: Балдарды "элдүүлүккө" үйрөтөлү|...  

✳️Балага туура тамактануу адатын кантип үйрөтсө болот:
   • Балага канча айында, кандай тамак бер...  
-------------
00:00 Таанышуу
00:55 Жакшы ата боло албай жатам...
01:50 Баланы тарбиялоодо атанын ролу кандай?
04:25 Эр тайын тартат деген чынбы?
06:30 Атам менин көзүмчө көп мактаган эмес...
10:00 Бардык аталар телефондо. Баарлашуу азайып кетти
13:45 Тил бузулса адамдын дили да бузулат
16:50 Кыргыз тилибиз унутулбаш үчүн миграцияда жүргөн мекендештерибизге кеңеш
19:20 Кыргыздын аттары жоголуп баратат...
21:55 Балам орусча сүйлөп жатат. Мындан ары кыргызча сүйлөп кетиш үчүн кандай кеңеш бересиз?
25:25 Балдарымдын апасы кандай болот деп анан үйлөнүү керек?
30:45 Мен үчүн эң чоң авторитет Жан-Клод Ван Дамм болгон
33:35 Баланын шыгын табуу үчүн швед стол даярдоо керекпи?
36:55 Кыздар атасына окшош жарды издешет экен...
40:30 Нуржигит Кадырбековдон ата-энелерге маанилүү кеңеш
42:05 Тарбия боюнча кандай китептерди сунуштай аласыз?
45:15 Эпилог. Балага туура чөйрөнү тандоо боюнча Нуржигит Кадырбековдон практикалык кеңеш
47:00 Мен үй-бүлөдө "адвокатмын"
48:45 Устатты тандоо боюнча кеңеш
51:05 Жубайым "плохой полицейский"
52:35 Кыздарыңыз турмушка чыкканда ыйлайсызбы?


#НуржигитКадырбеков #атаэне #Алдей

Комментарии

Информация по комментариям в разработке