Америкадагы азыркы көчмөндөр

Описание к видео Америкадагы азыркы көчмөндөр

Бейрасмий маалыматтар боюнча АКШда 20 миңге жакын мекендешибиз бар. Америкада кыргызстандыктар үчүн кеңири жайылган иштердин бири - оор жүк ташуучу унааларды айдоо же трак айдоочулугу. Алар бир шаардан экинчисине же штаттан штатка жүк ташышат. Андай айдоочулардын арасында Кыргызстанда эстрада ырчысы болуп жүргөндөр,кыз-келиндер да бар. Трак айдоочуларын заманбап көчмөндөр десек куп жарашат. Анткени көп убактысын жолдо өткөрүп, көчүп-конуп акча табышат.Учурунда ишин айдоочулуктан баштаган айрым мекендештерибиз ушул тапта жүк ташуучу компаниялардын негиздеп башка журтташтарды дагы иш менен камсыз кылып келет. Трак бизнеси жана трак айдоочуларынын жашоосу Биз жана дүйнө берүүсүндө.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке