Мээргүл Каракозуева: "Хостелден Арт отельге жол". Create4 "ШЫКТАН" мейкиндигинин хелдайн спикери

Описание к видео Мээргүл Каракозуева: "Хостелден Арт отельге жол". Create4 "ШЫКТАН" мейкиндигинин хелдайн спикери

Креативдүү ишкер айым, Ош шаарындагы арт-отелдин негиздөөчүсү Мээргүл Каракозуеванын окуясы суктандырбай жана шыктандырбай коё албайт.

Мээргүл - ШЫКТАН мейкиндигиндеги биздин хэдлайн спикерлердин бири болду.

Мээргүл Каракозуева 11 жашында менингит менен ооруп, бир түндө укпай калган. Убактылуу гана укпай калам деп үмүттөнгөнү менен дарыгерлер анын угуусун калыбына келтире алышкан эмес. Ал бир нече жолу дарыланып, ооруканага жаткырылган, бирок аракетинен майнап чыкпай койгон.
Бир нече жолу ар кайсы тармакта иштеп аракет кылган соң, Ошто хостел ачкан. Анын бизнеси эки керебети жана эски диваны бар бир бөлмөдөн башталган. Эми анын мейманканасы ар кайсы өлкөлөрдөн келген туристтер арасында белгилүү. Ишкер өзүнүн «Хотелден арт-отелге чейинки» өзгөчө жолу тууралуу Create4-2023 фестивалында айтып бергенин угуп, шыктанасыздар деп ишенебиз.

Видео көрүү убагында пайдалуу маалымат алып, эргүүгө батышыңарга тилектешпиз. Ой пикириңерди ылдыйда жазсаңыздар болот!
_______________________________
Create4 Креативдик индустриялар фестивалы 2022-жылы Кыргызстандагы БУУӨП жана Креативдүү индустриялар ассоциациясы тарабынан демилгеленген өлкөнүн креативдүү экономикасын жана бүткүл жаратмандар менен инноваторлор коомчулугун өнүктүрүүнү колдоо үчүн өзгөчө кеңири аянтча.
Create4-2023 программасынын расмий өнөктөштөрү - ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жана Борбор Азиядагы Америка университети.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке