Бек Исраилов & Айжаркын Карыбаева - Биздин жолдор / Премьера, 2021

Описание к видео Бек Исраилов & Айжаркын Карыбаева - Биздин жолдор / Премьера, 2021

Биздин ырыбыз баардык музыкалык кездемеде. Көчүрүү үчүн http://airmus.io/bizdinjoldor шилтемесин басыңыз!)
Сөзү: Эгемберди Эрматов
Обону: Аскар Карыбаев
Бек Исраилов:   / bek_israilove  
Айжаркын Карыбаева:   / ms_ajjju  

Бек Исраилов & Айжаркын Карыбаева - Биздин жолдор
Далай жыл өттү,таттуу да ачуу
Сени гана издеп келемин.
Жийде гүл бурак,көзүң шам чырак,
Кайда кеттиң асыл чүрөгүм?

Мен да сагындым,отко кабылдым,
Неге жүрдүң мынча жоголуп?
Кусалуу өрттө,кыйналдым көпкө
Жүрөктү биз чексиз кордодук.

Кумар жык толгон
Күлүп ойногон
Мезгил эми келбейт кайрылып.
Тагдыр кошподу,кайыр кош болгуң
Биздин жолдор эки айрылыш.

Торгой үн салган,ак шоола таңган.
Тилеп турам сага өмүрдү.
Жаштыгым күлгүн,жанаша жүрсүн
Чөктүрбө сен жаным өмүрдү.

Бийик бел аштык,жолдон адаштык,
Пайда чыкпайт эми кайгыдан.
Тунук махабат,тоссун жадырап,
Бул жашоого келсек кайрадан.

Кумар жык толгон
Күлүп ойногон
Мезгил эми келбейт кайрылып.
Тагдыр кошподу,кайыр кош болгуң
Биздин жолдор эки айрылыш.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке