Бир ырдын баяны: "Кыялдануу"

Описание к видео Бир ырдын баяны: "Кыялдануу"

Алмаш Чойбекованын сөзүнө жазылган Кадыралы Артыковдун "Кыялдануу" деген ырынын тарыхы.
#бирырдынбаяны
#бирырдынтарыхы
#алмашчойбекова
#кадыралыартыков
#медеркыдыршаев
#кыялдануу

"Кыялдануу"
Жыпарын бүркүп гүлдөрдүн,
Жел келсе шибер ыргаган.
Жыргалга бөлөп сезимди,
Yнүңдү уксам ырдаган.
Колуңа гүлдөн дестелеп,
Көрүнө калсаң жылгадан.

Ээ-эй, көбүртүп булак толкунун,
Оо-ой, акагы акса шыңгырап.
Билдирип жайлоо шоокумун,
Сайраса торгой күү курап.

Акырын сылап чачымдан,
Ардагым десең эркелеп.
Жылмая карап сүйкүмдүү,
Жылкыга кетсем эртелеп.
Боз жорго минип келатсам,
Алдыман чыксаң энтелеп.

Ээ-эй, кызарса булут сүрүлүп,
Оо-ой, кызылгат бышса күбүлүп.
Көөнөрбөс жашыл өзөндөн,
Көбүргөн терсек жүгүрүп.

Чачылып жатса шүүдүрүм,
Ак бермет болуп көктөмдө.
Эрксизден мөлт деп төгүлсө,
Экөөбүз басып өткөндө.
Көңүлдү жүрөк эргитип,
Күн нуру беттен өпкөндө.

Ээ-эй, ак жамгыр төксө шорголоп,
Оо-ой, арчага келсек корголоп.
Кекилик учпай жем издеп,
Азгырса бизди жорголоп.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке