Мелис Элебесов - Менин досум

Описание к видео Мелис Элебесов - Менин досум

Менин досум
Сөзү: Алтынбек Алымов
Обону: Эркин Насыров

Дос болсо деймин досумду
Акчага эмес көңүлгө
Дос болсо дейм жанымда
Азапка көңүл чөккөндө
Көңүлүм муздап жатканда
Кайраттап турган дос болот
Турмушта аксап турганда
Туздашкан ыйык дос болот
К-ма
Менин досум менин досум
Өзүнө бек жакын досум
Жыргалында түйшүгүндө
Жанымда бир болгон досум

Достошуп сендей дос менен
Көтөрөм бийик башымда
Ак тилек айтып сен үчүн
Ийилип сунам ашымды
Жаңылба жолдон жан досум
Ажалдан алыс бол досум
Алдырбай кайгы капага
Жигиттин шери бол досум

Менин досум менин досум
Сенин жолуң шыдыр болсун
Жүрөгүңдө көңүлүңдө
Дайым бирге ыйман болсун

Комментарии

Информация по комментариям в разработке