ЛИРА ТОБУ - Ардагым & Журок сыры

Описание к видео ЛИРА ТОБУ - Ардагым & Журок сыры

ЛИРА ТОБУ - Ардагым & Журок сыры

"Жүрөк сыры"

Сөзү, обону Урманбетов Догдурбай

Бирге жүрүп кетип калдың уурданып,
Билген жоксуң калганымды ууланып.
Түгөйүнөн түк ажырап калганга,
Жүрөк ыйлап, жүрөк сыздайт муңканып.

Жайлоо гүлүн терип жүрүп кубанып,
Кеттиң жаным, келдим өңүм кубарып.
Жыттап алып ошол түркүн гүлдөрдү,
Жүрөк ыйлап, жүрөк сыздайт муңканып.

Чырак сындуу жанып турсаң, нурданып,
Жыргаар элем өңдөрүмө нур тамып.
Андагы нур, ал кездеги күлкүң жок,
Жүрөк ыйлап, жүрөк сыздайт муңканып.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке