Генерал Самат Курманкулов. Кой-Таш окуясы талкалаган тагдыр

Описание к видео Генерал Самат Курманкулов. Кой-Таш окуясы талкалаган тагдыр

Кыргызстандын эгемен тарыхындагы ири нааразылык акцияларда, бийлик алмашуу менен аяктаган ыңкылап, төңкөрүштөрдө жана саясий тирештердеги эл менен кагылыштарда бир нече милиция кызматкери набыт болгон, айрымдары оор жараат алган жана катуу сабалган учурлар дагы катталган. Алардын бири Самат Курманкулов 2019-жылы Чүй облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп турганда, 42 жашында Кой-Таш окуясында башына таш тийип, оор жаракат алган жана 40 күн эс-учуна келе албай жаткан. Ага Бишкекте жана Москва шаарында бир канча жолу операция жасалган. Курманкулов майыптыгынан улам 20 миң сом менен пенсияга чыккан жана учурда ал такай реабилитацияга, дарыланууга муктаж. Ага азыркы бийликтин тушунда генерал-майор наамы берилген. Курманкулов саламаттыгы жакшырса кайра милицияда кызматын уланткысы келет.

0:00 Анонс
1:20 Курманкуловдун башына таш тийип, оор жараат алган күн
6:55 40 күн эс-учуна келбей жаткан
8:30 Апасынын эскерүүсү
14:20 Бала чагы, курсант кези, алгачкы эмгек жолу
18:13 Турганбаев менен Рысалиев Курманкуловду кантин тарбиялап өстүргөнү тууралуу
21:40 Өнөктөшү Токтоналиев менен кесиптеши Асанов Курманкулов тууралуу
39:55 "Бийлик милицияны курал кылбашы керек"

#милиция #койташ #кыргызстан #азаттык
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram -   / azattyk.kg  
  / azattykmedia  
Фейсбук -   / azattyk.org  
  / azattyk  
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Комментарии

Информация по комментариям в разработке