Жаңылыктар | 26.09.2024 | Прокурор журналисттерге 6 жыл сурады, Путин өзөктүк куралды сөз кылды

Описание к видео Жаңылыктар | 26.09.2024 | Прокурор журналисттерге 6 жыл сурады, Путин өзөктүк куралды сөз кылды

Прокуратура жапырт баш аламандыкка айыпталган 11 журналистти алты жылдан абакка кесүүнү сурады. Адвокаттар айыпты четке кагып, соттон аларды актоону талап кылды.

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн өзөктүк доктринасын өзгөртүүнү сунуштады. Эми Орусияга каршы кадимки курал-жарак колдонулса да өзөктүк сокку менен жооп кайтарылышы мүмкүн. Киев муну “шантаж” деп атады.

“Эмаком” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы директору, экс-депутат Эмилбек Жусупов кармалды. Милиция компания үлүшчүлөргө 61 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтиргени аныкталганын билдирди.
0:00 Анонс:
1:09 11 журналисттин иши: Прокурор ар бирине алты жыл сурады
5:29 Камактагы журналист Айке Бейшекеева эл аралык Гратиас Тиби сыйлыгынын лауреаты болду
6:11 Кремль Орусиянын өзөктүк доктринасын өзгөртүүдө
9:51 Орусиядан депортацияланган өзбекстандыктар жумушсуздуктун азабын тартып жатканын билдирүүдө
12:33 “Эмаком” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы директору, экс-депутат Эмилбек Жусупов кармалды
13:51 Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүндө кармалган адам сабалганы тууралуу окуя иликтенүүдө
15:21 Милиция кызматкерлерин сүрөт-видеого тартып, интернет сайттарга таратууга тыюу салуу сунушу
17:36 “Кыргызча оңой”/“Easy Kyrgyz” аттуу кыргыз тилин үйрөткөн мобилдик тиркеме иштелип чыкты
#бүгүназаттыкта #путин #орусия #журналисттер
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram -   / azattyk.kg  
  / azattykmedia  
Фейсбук -   / azattyk.org  
  / azattyk  
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Комментарии

Информация по комментариям в разработке