БАЖЫДАГЫ МИЛЛИОНДОР: КАРАКТОО ЖАНА КАЛКАЛОО

Описание к видео БАЖЫДАГЫ МИЛЛИОНДОР: КАРАКТОО ЖАНА КАЛКАЛОО

Бир адам беш жылдан ашык убакытта жүз миллиондогон долларды Борбор Азиядан чыгарып кеткен. Ал билген маалымат акыры анын өмүрүн алып тынды окшойт. Бирок ал атып өлтүрүлөрдөн мурда кабарчылар менен бөлүшүүгө үлгүргөн документтер эсепсиз байлыктын булагын ачыкка чыгарды. Аларга ылайык, көпчүлүктүн көзүнө урунбаган көмүскөдөгү үй-бүлө таасирдүү саясий калкалоонун жардамы менен жашыруун карго империясын иштетип келгени ырасталды.

“Мен Айеркен Саймаити”, - деп өзүн тааныштырган жигит: “2011-2016-жылдар аралыгында Кыргызстандан 700 миллион доллар которгом”,- деп баяндайт. Журналистке сырын ачкан бул сүйлөшүүдөн бир нече ай өтпөй Саймаити киши колдуу болуп, ажал тапты.

Бирок өлөрүнө аз калганда дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн бириндеги элдин акчасын системалуу түрдө карактап турган ири схеманы ачыкка чыгарган документтерди кабарчыларга берип үлгүрдү.
https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan-...

Көмүскө акча ташыгандар кербени (иликтөө)
   • Көмүскө акча ташыгандар кербени (илик...  

Комментарии

Информация по комментариям в разработке