АКАК ансамбли "Курама күү"

Описание к видео АКАК ансамбли "Курама күү"

Урматтуу Кыргызстандыктар,комуз күйөрмандары биздин алгачкы клипти,сиздерге күү десте катары тартуулайбыз.

Бул клипти биздин устатыбыз Ирина Суеркулованын сценарийи менен тартылды.
Чыгарма 3 күүдөн турат:
Н.Борошев атабыздын "Кер тоолгоо","Кара озгой" жана М.Борбиев атабыздын "Тан булбулу".
Ниязаалы атабыз "Кер толгоо" күүсүн жорголордун күлугунө арнаган, "Кара Озгой" күусүндө азоо атты сүрөттөгөн.
Ал эми "Тан булбулу" күүсү булбулду сүрөттөгөн.Ошондуктан клипте ат, жылкыларга басым жасалган.
Ошондой эле,кыргыздын үрп-адат, каада-салтын, жайлоодогу керемет жашоонун образын, ата-бабаларыбыздан калган Улуттук салттуу кийимибизди чагылдырууга аракет жасадык.

Чыгарманын аранжировкасы: Асылбек Насирдинов.
Манасчы: Самат Көчөрбаев
клип: studio_black_diamond

Комментарии

Информация по комментариям в разработке