Элмирбек Иманалиев "Чоңдорго кайрылуу" ырынын тарыхы жана саясат жөнүндө.

Описание к видео Элмирбек Иманалиев "Чоңдорго кайрылуу" ырынын тарыхы жана саясат жөнүндө.

Карагер минсем оттобойт
Капталга бут токтобойт
Калкымда сулуу көп көргөм
Бирок...
Кантейин сага окшобойт.
Кыргызда-аа сулуу кыздар көп
Бирок...
Кылыгы сага окшобойт,ай
Кареги сага окшобойт

Достор! Мына таптым! 2019-жылдын жай айларында(июль болсо керек) атайын издеп барып алп акын Элмирбек Иманалиевтен интервьюну түз эфирде көрсөткөм. "Чоңдорго кайрылуу" деген ырынан соң бүтүндөй кыргыз эли ушул ырды, залкар акынды сөз кылганда атайын барып ырдын жаралуу тарыхы менен себеби туурасында суроо берип,сонун баарлашып отурганбыз.Ошол кезигүү азыркыга чейин эсимде.Ошол чоңдорго кайрылууну ырдап бериңиз десем, "ал аябай көп сап ыр, баары эсимде жок" деген эле.Бирок, акын деген сөздүн, ырдын пири. Комузду сыздатып Текебай Мураталиев деген акындын "Акинтай" сулууга арнаган ырын созуп берген. Кыргызда элдин арасында ана-мынчасынын эле эсинде калган, ооздон оозго өткөнү менен кыргыз фольклорунун алтын фондусуна жазылбай калган белгилүү-белгисиз акындар көп экен.Элмирбек ошол акындарды изилдеп-иликтеп, талдап, ал акындардын чыгармаларын элге жайылтып жакшы иш кылган ажайып инсан эле...
Ошол түз эфирде элдин уулун жүрөгүм менен сүйгөм, ансайын жакшы көрүп кебине тойбой кеткем. Далдырап мукактанып сүрдөп отуруп сүрөткө түшпөй калыпмын. "Алп акын,азыркынын залкары менен сүрөткө түшпөй калыпмын" деп жазсам "буюрган күнү сөзсүз сүрөткө түшөбүз" деп жооп берди эле. Аттиң,буюрбаптыр...
Кош,Элмирбек! Жаткан жериң жайлуу болсун.Кудайым бейишинен орун берсин! Жаннаттан жай берээрин суранып-тиленем!
P.S.152 адам өз ой-пикирин калтырып 25 000 адам түз эфирди көргөн экен. Азыр да бөлүшүп таратыңыз. Анткени,Элмирбектин ар бир айткан сөзү куюлушуп элдин жүрөгүнөн түнөк тапчу.Ар бирибиз Элмирбек Иманалиевтин кебин, ырын тое-тое угуп, көзүбүз кангыча көрүп калалы. Баарибир тойбой калдык...
Аттиң,дүйнө...өзгөчө инсан эле...жаш кетти...
Жигит өлбөс болсочу...

Комментарии

Информация по комментариям в разработке