Ташиев Бишкекте түндөгү митинг боюнча билдирүү жасады

Описание к видео Ташиев Бишкекте түндөгү митинг боюнча билдирүү жасады

Ташиев Бишкекте түндөгү митинг боюнча буларга токтолду

Кечээ Бишкекте 18-25 жашка чейинки 700дөй бала топтолгон. Алар башка мамлекеттен келип иштеген мигранттардын көбөйүп кетүүсүнүн незигинде чогулушкан

Кечээ чыккан балдардын талаптары кайсы бир деңгээлде туура деп эсептейм. Биз буга байланыштуу чараларды көрө баштаганбыз.
Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде мыйзамсыз жүргөн мигранттардын жоопкерчилигин кароо боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Күнүнө мыйзамсыз жүргөн 30-50 мигрантты таап өлкөдөн чыгаруудабыз.

Кечээ топтолгон адамдардын арасында коомдук тартипти бузуу, мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч жаратуу аракеттерин да карайбыз. Мамлекеттик органдар тарабынан аларга эч кандай күч колдонулган жок. Арасында чагымчылар болгонун да билебиз, анын баарын тактадык.
Эске салсак, 17-май күнү кечинде Бишкекте чет элдиктер жашаган мейманкананын жанына 200дөй адам топтолгон. 13-майда бул жерде чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгондугу маалымдалган. Топтолгон адамдарды милиция кызматкерлери курчап, өзүн агрессивдүү алып жүргөн 50дөй кишини кармап, кийин кайра коё берген. Түн оогондо чогулгандардын саны көбөйүп, миңге чейин жеткени айтылган.
Алар менен Бишкек ШИИББдин жетекчиси сүйлөшүү жүргүзүп, топтолгондор таңга жуук тарашкан.
Бул арада мушташка катышкан делип чет элдик үч жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болгон. Алар кыргыз элинен кечирим сурап, жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдиришкен

Комментарии

Информация по комментариям в разработке