Отурам деңиз жээги. Мелмилдеген.
Ачылып дүйнө улам мен билбеген…
Алдымда – көпкөк толкун шарпылдагы,
өмүргө сереп салам артымдагы.
Көөдөндү тиреп куса, бугум батпай,
келгенсийм мен да өзүмдүн нугум таппай.
Дайыма жээкке урунган толкундаймын,
ичимден туйлап, эч тынч олтурбаймын.
Толкундай кулк-мүнөздөн арылбадым,
толкундай жеңил-желпи шарылдадым.
Толкундай ашып-ташкым келет кээде,
толкундай үстүрт ойду элеп мээде.
Толкундай неге туйлап, шоктономун?
Деңиздей качан тынчып токтоломун?
Деңиздей болсо эгерде тереңдигим,
чек билбес, дос-душманга кенендигим.
Деңиздин касиет топтоп уч кыйрынан,
арылсам пендечилик ич күйдүдөн!
Чайпалып качан болсо деңиз тунук,
сыр катчу бул анык дос. Деңиз – дудук.
Тагдыры шордон бүткөн даанышмандар!
Деңиз да шордуу. Экөө – тааныш жандар.
Бул экөө өлбөс-өчпөс кеменгерлер,
байлыгы тээ түпкүрдө, терең жерде.
Түбү кенч: көөхар, бермет, маржан, акак –
асылга керек эмес жалган атак.
Эгерде деңиз болсом, деңиз болуп,
дос-душман, өзгө-жатка тегиз болуп:
Баарысын өз кенчиме марытмакмын,
элимде жакыр калбай, байытмакмын.
Байлыгым жетмек жетим, жесирлерге,
байлыгым жетмек жемкор, эсирлерге.
Чачмакмын байлыгымды болгонунча,
ачкөздөр Акүйдөгү тойгонунча.
Байлыгым жетмек өлкө карызына,
элимдин муң-зарына, арызына…
Деңиздей болуу аттиң, кайдан маган!
Пендемин. Таш-кум сымал майдаланган.
Жанмын бир жашабаган байлык күтүп,
жалаң төш, жайдак жүргөн. Айлык күтүп.
Деңиздей болуу кыйын көтөрүмдүү,
деңиз да болуу кыйын… Өтө муңдуу.
Шор даамдуу деңиз балбан, үндөбөгөн,
азапты кылым бойлоп мүлдө көргөн.
Жакшы кал, Карадеңиз, мелтиреген.
Өзүңдөй тынч мүнөз бер, – мен тилеген.
Накылың тыңшап сендей улук жандын,
эч качан шор даамыңды унутпаймын
Болот Назаров
Айт Айт Десе
Патреондо колдогонуңузга чоң ырахмат
/ temirovlive
Биздин тик-ток - https://vm.tiktok.com/ZSecaq4Eo
Инстаграмыбыз - / aytaytdese
#айтайтдесе #селкинчек #сармерден #маданиятктр #көлдүнжээги #барамсага #сагынуу #карадеңиз #кечирмени #тансыры #кызжигит #суйуу #сүйүү #turkeyistanbul2022 #istanbul
Информация по комментариям в разработке