"Кан койо бербейт" | Автор: Кенжебай Нүкөш/Аудио китеп

Описание к видео "Кан койо бербейт" | Автор: Кенжебай Нүкөш/Аудио китеп

Машинемдин фарасынан чыккан жарык кыздын арык сөлөкөтүн караңгыдан сууруп алды. Боз юбка, кызгылт чыптама кийген кыз мени көрө койуп, бир колун көтөрө булгалап турган. Анын жанындагы эски "Ауди" машинеси акыркы жолу атам заманда гана жуулса керек. Негизи жол - белден кыз-келиндерди машинеме салчу адатым жок, бирок бу бийкечтин машинеси бузулуп калганын билип туруп кантип кыя өтүп кетем, анын үстүнө аларды оңдоо менин жумушум. Тормузду басып, саатка көз салдым: он бирден жыйырма мүнөт өтүптүр. Кардымдын ачканын айтпа, анткени Манас аэропортунун жанынан бузулган машине менен эки сааттан ашык алышкам. Анткен менен бийкечтин жагымдуу үнүн укканда эшикти ачып, сыртка кантип чыкканымды да байкабай калдым.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке