Ата-эне - Таалай Бектурганов (cover Тынысхан Ft Элен)

Описание к видео Ата-эне - Таалай Бектурганов (cover Тынысхан Ft Элен)

Раймaaly47 / Nomad Music
Ата-эне-Таалай Бектурганов
Тынысхан Элен / cover

Каналга катталыныз/
Ой-пикир калтырганды унутпаңыздар/
РАХМАТ !
Биз менен болуңуздар !
#Раймaaly47 #тынысхан #элен
Адыгене суусу ;   / adygene_suusu  

Таалай Бектурганов
"Ата-эне"
Сөзү : Т.Бектургановдуку
Обону : Т.Бектургановдуку
Тарбия бардыгына бирдей берет,
Он бала болсун багат ата-эне.
А бирок ошол ону биригишип,
Багышпайт ата-энени эминеге.

Кол созуп бир кездерде келе-келе,
Келе бер, кармат мага өзүң жебе.
Дегендер боор көтөрүп үй-жай күтсө,
Унутат ата-энесин эминеге?

Оокат таап адилеттүү эмгек менен,
Адамдык сапатыңды тилеп келген.
Ай ушул адам болуп кетсинчи деп,
Ата-энең болчу өргө жетелеген.

Көрүнүп эл көзүнө коройгондон,
Бой болсо ак теректей соройгондо.
Карабай атасына, энесине,энесине,
Кай мерез басып кетет чоңойгондо.

Турмуш оор жүз каталык кеткен күндө,
Ойло дос, жаңылыштык кылып жүрбө.
Билсеңер ата-эненин милдетинен,
Кутула албайсың ар тирүү күндө.

Туурдан учурганын унут койбой,
Адамдык сапатыңды астиң ойло.
Өзүң дөй ташбоордуку балдарыңдан,
Көргөндө өкүнбө гүн ушуну ойлон.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке